Зыян 10 млн сомдон ашык. Спорт мамагенттигинде коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 19 сентябрь 2025 10:38
550120745_1636562117302790_7436628685703081916_n.jpg
549561526_1636562123969456_5548471234604767187_n.jpg
549658171_1636562160636119_7386014707884506219_n.jpg
Алдыга
Артка
550120745_1636562117302790_7436628685703081916_n.jpg
549561526_1636562123969456_5548471234604767187_n.jpg
549658171_1636562160636119_7386014707884506219_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда департаменттин жетекчилери катышкан коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, аталган департаменттин директорунун орун басары Т.С.С. жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси А.Р.Д. 2023-жылы "Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору" мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу процедураларын баштаган.

Аталган кызмат адамдары өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн пландарын ишке ашыруу жана мыйзамсыз материалдык баюу максатында "Ф" ЖЧКнын аффилирленген фирмасын 30 млн сом суммасында медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн тартышкан, ал жерде макулдашуу талап кылынган стандарттарга ылайык келбеген бааларды жогорулатуу менен жабдуулардын тизмесин жана аталыштарын өзгөртүшкөн.

Коррупциялык схеманын натыйжасында сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин толук ишке киргизилген эмес жана максатына жараша пайдаланылбай, кампада сакталып турат. Мында жогорулатылган баалардын айырмасы боюнча гана мамлекеттин бюджетине 10 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Ошондой эле сатып алынган чыгымдалуучу материалдардын жана реагенттердин бир бөлүгү мөөнөтү өтүп кеткен жана керектөө касиеттерин жоготкон.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча департаментинин директорунун орун басары, 1979-жылы туулган Т.С.С., мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси, 1983-жылы туулган А.Р.Д. жана "Ф" ЖЧКсынын директору, 1978-жылы туулган Т.Н.А. кармалды.

УКМК бул коррупциялык аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чараларын улантууда.