Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарында зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунда капиталдык оңдоо иштери башталды.
Мэриядан билдиришкендей, мекемеде социалдык кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 6 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп, учурда төмөнкү оңдоо иштери аткарылууда:
- Электр жабдуулары толугу менен алмаштырылууда;
- Жаңы радиаторлор орнотулууда;
- Полдун жабуулары алмаштырылып жатат;
- Жаңы эшик блоктору коюлууда.
Белгилей кетсек, борбор 2011-жылдан бери иштеп келет жана бул аралыкта капиталдык оңдоо биринчи жолу жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, бул мекеме – балдарга психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүүчү маанилүү социалдык борбор болуп эсептелет.борбордо өспүрүмдөргө юридикалык жардам көрсөтүү жеткиликтүү жана акысыз жүргүзүлөт. Жардам алуу үчүн кайрылган ар бир жаран баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган кызматтардан пайдалана алат. Квалификациялуу адистер тарабынан 2025-жылдын башынан бери 128 балага жардам көрсөтүлүп, “Ишеним телефону” аркылуу 135 чалуу кабыл алынган. Ошондой эле 445 психологиялык консультация өткөрүлүп, 38 бала үчүн 49 реабилитациялык сабак уюштурулган.