ZOOM эл аралык видеожаңылыктар сынагынын кийинки туру Кыргызстанда өтөт — Алагөзов

Коом 14 октябрь 2025 14:50
559560608_24703655112609397_1821862354816304239_n.jpg
562180537_24703654825942759_4915132819017834640_n.jpg
560045542_24703655272609381_2864229708847992468_n.jpg
559981624_24703655052609403_6160626112861543900_n.jpg
560096480_24703654839276091_5528868650858543332_n.jpg
559506332_24703655319276043_4763486260510377906_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Түркиянын жаңылык операторлор ассоциациясынын төрагасы Айтэкин Полателди жана түрк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери менен телеканалдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"27 жылдан бери өтүп келген ZOOM эл аралык видеожаңылыктар сынагы тууралуу да пикир алмаштык.

Аталган конкурс дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген операторлор менен журналисттердин мыкты жаңылык видеолору бааланган ири эл аралык медиа иш-чара.

Өткөн жылы ал Бакуда, быйыл Анкарада, ал эми кийинки, 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы Кыргызстанда өтөт.

Мындай жолугушуулар жана долбоорлор түрк дүйнөсүнүн медиа тармагындагы байланышты чыңдап, кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болот",-деген ал.

Ал ошондой эле сынактын шарттары, жол-жобосу тууралуу кошумча маалымат берилерин кошумчалады.