Жүз миң сомдон – миллион сомго: Ат-Башылык ишкер айымдын ийгилиги

Коом Загрузка... 14 Август 2025 09:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Өлкөдө "Социалдык контракт" программасынын алкагында алгачкы беш жаран миллиондук кирешеге жетишти. Алардын бири Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун тургуну Асыл Токон кызы. Ал үй-бүлөсү менен 2022-жылы программа аркылуу алган жүз миң сом менен наабайкана ачып, нандын түрүн жасап жергиликтүү дүкөндөргө таратып, үч жылдын ичинде миллиондук кирешеге чыккан.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 08.58.08 (2).jpeg

Ат-Башы районунун тургуну Асыл Токон кызы элүү жашта. Жолдошу экөө алты баланы тарбиялап келишет. Мурун үч баласына жөлөк пул алып келсе 2022-жылы “Социалдык контракт” программасына катышып, андан алган 100 миң сомго нан азыктарын жасап сата баштаган.

“Мурун соода-сатык менен алектенип жүрчүмүн. Нан азыктарын тандаганымдын себеби – берекелүү болуп, өтүмдүүлүгү жакшы экен. Алгач үйдөн кичинеден нан жасап өткөрүп жүрдүм. Кийин программа аркылуу акча алганда бул ишимди кеңейттим. Камыр жууругуч алып, жабдууларды көбөйтө баштадык. Ошону менен ишибиз жүрүшүп, уланып кетти. Кийинчерээк жолдошум өз колу менен наабайкана салды. Бир жылга чейин кыздарым менен өзүм иштесем, андан кийин жумушчуларды ала баштадык. Учурда 4 киши иштеп жатат. Бул ишкерлигибизди дагы да кеңейтсек деген ниетибиз бар”, -деди ал.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 08.58.07 (1).jpeg

Асыл Токон кызынын нан азыктары “Ихсан” деген этикетка менен чыгат. Арасында бөлкө, лепешка, кара нан, ачыткы кошулбаган, гречкадан жасалган түрлөрү бар.

“Нан менен кошо кекс, булочка, рогалики чыгарабыз. Кышында нандын өтүүсү жайлап калганда баггет, бургердин нанын жасайбыз. Кеңейтип алсак, торт, печенье сыяктуу кондитердик азыктарды да чыгарат элек”,-деди ишкер айым.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 08.58.08 (3).jpeg

Ал “Соцталдык контракт” аркылуу жеткен ийгиликтери тууралуу айтып берип жатып, “бул биз үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк болду. Камырды колго жууруган, велосипед менен тараткан күндөр артта калды. Автоунаа сатып алдык. Жашообуз жакшырды. Балдарыбызды окуттук.

“Кийинчерээк ийгилик жараткан ишкерлерге пайызсыз миллион сом берилип, аны алдык. Андан кийин 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган жолугушууда пайызсыз 200 миң сом ала алдык. Бул колдоолор үчүн өлкө башчысына абдан ыраазыбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

WhatsApp Image 2025-08-14 at 08.58.08 (1).jpeg