Жүз миң конок күткөн Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү менен көкпардын айырмасы

Көчмөндөр оюндары-2026 26 Август 2026 18:20
1040932146_256_902_5792_4016_1920x0_80_0_0_e0794d5c64fd7213eb644efa9466ccbe.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери жыйынтыктоочу баскычка чыкты. Эл аралык ири спорттук иш-чарага дүйнөнүн 110дон ашык мамлекетинен өкүлдөрдү камтыган 100 миңден ашуун коноктун келиши күтүлүүдө. Оюндар көчмөн элдердин тарыхый-маданий мурасын, салт-санаасын, баалуулуктарын сактоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытууга багытталган.

Белгилүү болгондой, спорттук мелдештер 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы 5 негизги локацияда уюштурулат. Оюндардын программасына жалпысынан спорттун 43 түрү киргизилип, ага Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин спортчулары катышат. Учурда чет элдик командалар Кыргызстанга келе баштады.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган параддык жана спорттук формалары да даярдалды. Ошондой эле оюндарды өткөрүүгө 700 ыктыярчы атайын форма менен камсыздалды.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту жана медициналык тейлөөнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда. 1-6-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдөгү негизги спорттук аянтчаларда коопсуздук жана саламаттык сактоо кызматтары нөөмөттө турушат.

Оюндарга байланыштуу “Манас” эл аралык аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө иштөө режимине өтөөрү маалымдалган. Мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын учактарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн күндүзгү убакта айрым туруктуу жүргүнчүлөр каттамдарын кабыл алууга жана учурууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Бишкек Арена” стадионунда өтүүчү ачылыш аземине билет же чакыруу алган көрүүчүлөр стадионго чейин акысыз шаттл-автобустар менен жеткирилет.

Көк бөрү менен көкпардын окшоштуктары жана айырмачылыктары

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жараткан улуттук ат оюндардын катарындагы көк бөрү жана көкпар мелдештерине кеңири токтолсок.

Көк бөрү эрендердин эр оюну катары кыргыз элинин канына сиңген эң бир кызыктуу оюн экенин, азыркы учурда көк бөрү башка өлкөлөрдө да кеңири жайылып, өнүгүп келе жаткандыгын Көк бөрү федерациясынын президенти Айбек Шамшидин уулу “Кабар” маалымат агенттигине Көк бөрү федерациясынын президенти Айбек Шамшидин уулу билдирди.

“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар оюндарына эң мыкты деңгээлде даярдыктар көрүлүүдө. Көк бөрү боюнча 7 команда, көкпар боюнча 6 команда таймашат. Бул оюндар үчүн Чолпон-Ата шаарында курулган жаңы стадион 100 пайыз даяр. Стадион 10 миң көрүүчүгө ылайыкташып, унаа токтотуучу жайы менен кошо курулган. Алдыдагы оюндарды көрүүчүлөр жаңы стадиондо жакындан көрө алышат.
Өлкөбүзгө машыгуу үчүн Казакстан, Россия, АКШ, Өзбекстан жана Тажикстандын командалары келишкен. Көк бөрү эрендердин эр оюну кыргыз элибиздин канына сиңген эң бир кызыктуу оюн. Азыркы учурда көк бөрү башка өлкөлөрдө да кеңири жайылып, өнүгүп келе жатат”,- деди Көк бөрү федерациясынын президенти.

Белгилей кетсек, көк бөрү кыргыз элинин жана Азиядагы башка элдердин байыркы ат үстүндөгү улуттук спорттук оюну. Эл арасында бул оюн улак тартыш деп да аталат. Көк бөрү ат чабыш менен командалык оюнду айкалыштырган спорт түрү. Чабандестер улакты атаандаш команданын тай казанына таштоого аракет кылышат. Бул оюн ошондой эле Казакстанда, Россиянын айрым аймактарында, Өзбекстанда, Тажикстанда, Афганистанда, Пакистанда, Кытайда, Түркияда жана Монголияда кеңири таралган. Көк бөрүнүн эрежеси боюнча ар бир командада 12 чабандес жана 12 ат болот, бирок оюн талаасында бир убакта ар бир командадан төрттөн оюнчу гана ойнойт. Оюн 20 мүнөттөн үч мезгилден турат. Оюндун максаты улакты ээлеп, аны мүмкүн болушунча көп жолу атаандаштын тай казанына таштоо.

Ал эми көкпар Казакстан өлкөсүнүн ат үстүндө ойнолуучу улуттук командалык мелдеши. Бул оюн терең тарыхый тамырларга ээ болуп, күч, эпчилдик, кайраттуулук жана ат үстүндө чебер башкаруу сыяктуу көчмөндөрдүн маданиятын чагылдырат. Андан тышкары, оюн жогорку физикалык даярдыкты, командалык өз ара аракеттенүүнү жана атты так башкарууну талап кылат. Оюн ар бири 20 мүнөттөн турган эки таймдан турат. Таймдардын ортосунда 10 мүнөттүк тыныгуу берилет. Тыныгуудан кийин командалар финиш сызыктарын алмашат. Жеңиш серкени өз айлампасына көбүрөөк таштаган командага ыйгарылат. Серкенин салмагы 30–33 кг салмактан ашпоого тийиш.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтында жарыяланган оюн эрежелерине таянсак, көк бөрү менен көкпардын бир катар окшош жактары болгону менен, алардын оюн талаасынын түзүлүшүндө, марасынын формасында, оюн убактысында жана айрым эрежелеринде окшоштуктар жана айырмачылыктар бар.

Эки оюндун окшоштуктары

Көк бөрү да, көкпар да ат үстүндө ойнолуучу командалык спорттун түрү. Эки оюнда тең чабандестер жерден улакты же атайын серкени эңип, аны атаандаш команданын белгиленген марасына таштап, упай топтоого аракет кылышат. Оюндун жүрүшүндө чабандестердин ат үстүндөгү чеберчилиги, физикалык күчү жана командалык оюуну чоң мааниге ээ.

Эки спорттун тарыхый тамыры да бир, көк бөрү кыргыз элинин жана Борбордук Азиядагы элдердин байыркы ат оюну болуп саналат. Эл арасында ал улак тартыш деп да аталат. Көк бөрү аталышы боз карышкыр деген маанини билдирет. Байыркы заманда аңчылар карышкырды кууп жетип, ээрдин башына салып тартышкан. Ушул салт бара-бара спорттук оюнга айланган деген түшүнүк бар. Көкпар да көчмөндөрдүн маданиятынан келип чыккан күчтү, эпчилдикти, кайраттуулукту, ат үстүндө чебер башкарууну даңазалаган улуттук ат оюну катары калыптанган.

Командалардын курамында да окшоштук бар: ар бир командада 12ден чабандес жана 12ден ат катталат, ал эми оюн талаасына бир убакта ар бир командадан төрттөн оюнчу чыгат. Чабандестер 18 жаштан жогорку куракта болушу керек. Оюндарда агрессивдүү жүрүм-туруму байкалган аттар зарыл учурда оюндан четтетилет.

Эки оюнда тең улак үчүн күрөш белгилүү бир убакытка созулуп, аны атаандаш командадан тартып алып, марага жеткирүү негизги максат. Эгер оюн учурундагы белгиленген убакыт ичинде эки тарап тең улакты көтөрө албаса же аут кырдаалы жаралса, оюн жекеме-жеке кармаш аркылуу улантылышы мүмкүн. Көк бөрүдө мындай кармашка эки мүнөт, көкпарда бир мүнөт убакыт берилет.

Оюндун айырмачылыктары

Көк бөрү менен көкпардын эң негизги айырмачылыгы оюн аяктагандан кийин упай эсептелүүчү маранын түзүлүшүндө. Көк бөрүдө талаанын эки четине диаметри 3,6 метр болгон бийик тайказандар орнотулат. Улакчы улакты атаандашынын тайказанына түшүргөндө гана упай эсептелет.

Көкпарда болсо тайказан колдонулбайт. Анын ордуна талаада диаметри 3 метр болгон мара деп аталган жерге чийилген тегерек белгиленет. Серке же муляж ошол белгиленген аймакка жеткирилгенде командага упай берилет. Демек, эки оюнда тең максат улакты атаандаш тараптын марасына жеткирүү болгону менен, упай киргизүүчү жайдын түзүлүшү айырмаланат.

Улактын салмагында да айырма бар. Көк бөрүдө колдонулган улак же муляждын салмагы негизинен 30-32 килограммдын тегерегинде болот. Ал эми баткак абалында 27-28 килограммдык салмак колдонулушу мүмкүн. Көкпарда чоңдор үчүн серкенин салмагы 35 килограммга чейин, жаштар үчүн 28 килограммга чейин белгиленет.

Оюн талааларынын көлөмү да бирдей эмес. Көк бөрүнүн талаасынын узундугу 210 метр, туурасы 80 же 70 метр болуп, анын бетине 6-8 сантиметр калыңдыкта кум төшөлөт. Көкпардын талаасынын узундугу 220 метр, туурасы 70 метр деп белгиленген. Оюндун убакыт түзүмүндө да айырмачылык бар. Көк бөрүдө оюн 15 мүнөттөн турган үч таймга бөлүнүп, жалпы 45 мүнөт ойнотулат. Таймдардын ортосунда 10 мүнөттөн тыныгуу берилет. Көкпарда болсо ар бири 20 мүнөттөн турган эки тайм өткөрүлүп, жалпы оюн убактысы 40 мүнөттү түзөт. Таймдардын ортосунда 10 мүнөттүк тыныгуу болот. Андан тышкары, эсеп тең чыккан учурда жеңүүчүнү аныктоонун тартиби, эреже бузган оюнчуларга карата колдонулган чараларда да айырма бар.

Көк бөрү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Кубатов Каныбек “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, көк бөрү кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана көчмөн жашоо образы менен тыгыз байланышкан улуттук оюндардын бири.

“Алгач элибизде аламан улак ойнолуп келген. Кийин жаңы эреже менен көк бөрү бир стадиондо же бир аянтта ойнолуп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон оюндардын бирине айланды. Негизги мааниси спорттук мелдеш менен гана чектелбейт. Көк бөрүдө кыргыз элинин атка болгон мамилеси, эр жүрөктүүлүгү, күчү, шамдагайлыгы жана атаандаштык деми чагылдырылган. Бул оюн аркылуу ата-бабаларыбыздан калган ат үстүндөгү өнөрдү, салтыбызды жана баалуулуктарыбызды баамдоого болот. Көк бөрүнүн башка улуттук оюндарга караганда өзгөчө кызыгуу жаратышынын себеби, оюн абдан динамикалуу жана эмоционалдуу.
Экинчиден, көк бөрүдө жеке чеберчилик менен командалык аракет айкалышат. Бул жагынан алганда көк бөрү элибиздин ынтымак, биримдик жана намыс түшүнүктөрү менен да үндөшөт. Айрыкча эл аралык мелдештерде Кыргызстандын командасы стадионго чыкканда, көрүүчүлөр аны жөн гана спорттук команда катары эмес, өлкөнүн намысын коргогон өкүлдөр катары кабыл алышат. Мына ошондуктан көк бөрү коомчулуктун күчтүү эмоциясын ойготкон спорттун түрү болуп саналат”,- деди эмгек сиңирген машыктыруучу.

Жыйынтыктап айтсак, көчмөндөр оюндары кыргыз элинин жана жалпы көчмөн цивилизациясынын тарыхый-маданий мурасын дүйнөгө таанытууга багытталган маанилүү эл аралык иш-чарага айланды. Айрыкча көк бөрү сыяктуу улуттук оюндар кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, эр жүрөктүүлүгүн, биримдигин жана улуттук намысын чагылдырган мурас катары өзгөчө мааниге ээ. Көк бөрү менен көкпардын бир программада өткөрүлүшү алардын жалпы тарыхый тамырын көрсөтүү менен катар, эки элдин өзүнө таандык оюн эрежелерин жана спорттук өзгөчөлүктөрүн таанытууга мүмкүнчүлүк берет.