Жыргалаңдагы жолдорду кеңейтүү. Айыл ичиндеги электр чубалгыларды жылдыруу иштери аяктады

Аймак Загрузка... 04 Июнь 2025 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 04.06.25 /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” курортуна барчу айланма жолду курууда Жыргалаң айылынын ичиндеги электр чубалгыларын жылдыруу иштери толук бүттү.

“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу электр мамычаларын жылдыруу жумуштары туура бир ай мурда башталган. Учурда мамычалар жолдун эки тарабынан тең 3-4 метрге кеңейтилип орнотулду. Натыйжада күндүзү электр энергиясыз калып жаткан миңден ашык калкы бар Жыргалаңдыктарга эми жарык үзгүлтүксүз берилип, бардык абоненттердин электр эсептегичтери кошулду.

Мындан тышкары “Ала-Тоо Резорт” курорту курула турган аймакка кубатуулугу 35/10 кВольттук подстанцияны куруу кызуу жүрүп жатат. 10 күн мурда энергетикалык обьекти орнотуу үчүн жерди даярдоо иштери гана башталган болсо,бүгүнкү күндө жер алдындагы контурду отургузуу иштери толук бүтүп, энергетикалык жабдыктарды орнотууга даярдыктар башталды.

"Жакынкы бир апта ичинде трансформатор коюлуп бүтүп, электр чубалгыларын тартуу иштери башталат. Бир айга жетпеген убакытта подстанция толугу менен орнотулуп, колдонууга даяр болот",-деп айтылат маалыматта.