"Ала-Тоо Резорт" курортунда суу тутумдарынын курулушу 60%га аткарылды

Аймак 16 Июнь 2026 15:45
1.jpg
724164379_1514306300168414_8583749234795507141_n.jpg
724252311_1514305973501780_7075765744074420509_n.jpg
724328928_1514305816835129_4468574679301455536_n.jpg
724362598_1514305630168481_4015366335170540197_n.jpg
724459462_1514306646835046_223439711848180551_n.jpg
724654211_1514306283501749_625286962267369786_n.jpg
724706356_1514305393501838_2844842045189105367_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунда башкы суу алуучу курулма жана ичүүчү суу сактоочу резервуарлардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоор курорттук аймакты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган маанилүү инфраструктуралык объект болуп саналат.

Учурда башкы суу алуучу курулмада иштердин 60 пайызы, ички суу түтүк тармактарында 50 пайызы аткарылган. Ошондой эле төрт суу сактоочу резервуардын курулушунда жер казуу иштери аяктап, суу тазалоочу станциянын фундаменттери курулган.

Аймактын тоолуу шарттарына байланыштуу курулуш иштеринин айрым этаптары убактылуу токтотулган. Азыркы учурда курулуш техникасын жана материалдарды мобилизациялоо, ошондой эле объектти электр энергиясы менен камсыздоо боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Орунтаев курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана объектти өз убагында пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө объект боюнча курулуш-монтаж иштеринин жалпы аткарылышы 30 пайызды түзөт.