Жыргалаңдагы тоо-лыжа курортунун курулушун тездетүү тапшырылды

Аймак 23 Июнь 2026 10:45
728093491_17887854111569466_8427218815508239326_n.jpg
728184417_17887854123569466_5741978380383119055_n.jpg
728606827_17887854144569466_5046114007106144844_n.jpg
727542836_17887854132569466_2109556578872751270_n.jpg
Алдыга
Артка
728093491_17887854111569466_8427218815508239326_n.jpg
728184417_17887854123569466_5741978380383119055_n.jpg
728606827_17887854144569466_5046114007106144844_n.jpg
727542836_17887854132569466_2109556578872751270_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылындагы В1 жана В2 асма аркан жолдорунун техникалык ачылышынын алдында "Ала-Тоо Резорт" жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча көчмө кеңешме өттү.

"Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришкендей, кеңешме президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы алдында уюштурулду.

Жыйынга бул ири долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз катышып жаткан негизги министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты.

Көчмө кеңешменин алкагында катышуучулар курорт аймагындагы инженердик жана туристтик инфраструктуранын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

"Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашыруу иштерин ыкчамдатуу, келип чыккан маселелерди өз убагында чечүү жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышын көзөмөлдөө боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди",-деп айтылат маалыматта.