"Жыргалаң" тоо-лыжа курортунун аймагына 3 миң түп карагай көчөтү отургузулду

Аймак 25 Апрель 2026 12:55
675673425_122170487012633318_4271711444476763267_n.jpg
678401394_122170487090633318_7487488460363547467_n.jpg
678634074_122170487036633318_5448210581450212171_n.jpg
680457095_122170487024633318_325485479674029135_n.jpg
680596758_122170487054633318_9165742011163458560_n.jpg
680930517_122170487078633318_7639271749500928668_n.jpg
681860589_122170487066633318_7349761427011751400_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" лыжа курортунун аймагында ишембилик өткөрүлүп, ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө курорттун аймагындагы 3,5 гектар жер жашылдандырылып, жалпы 3000 даана ийне жалбырактуу дарактын көчөтү отургузулду.

Демилгенин негизги максаты - жаратылышты сактоо, аймактын экосистемасын калыбына келтирүү жана экологиялык абалды жакшыртуу болуп саналат.

Аталган иш-чара "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлүп, өлкө боюнча жашыл аймактарды кеңейтүүгө, токой фондун көбөйтүүгө жана климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азайтууга багытталган жалпы республикалык аракеттердин бир бөлүгү болуп эсептелет.