Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Отурумда алгач жылытуу мезгилине карата суу-энергетикалык абал жана отун-энергетикалык комплексинин даярдыгы жөнүндө Энергетика министрлигинин баяндамасы угулду.
Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков министрлердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин, акимдердин, муниципалдык ишканалардын жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин алдыдагы жылытуу мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү жана аны туруктуу өткөрүү боюнча жеке жоопкерчилигин белгиледи.
Оңдоо жана реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, алардын күз-кыш мезгилинде максималдуу кубаттуулук менен иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу, энергетикалык ишканаларын көмүрдүн тийиштүү көлөмү менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.
Графикке ылайык, жылдын октябрь айына чейин экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо иштери толук аякташы керек.