Жылуу кийиниңиз! 5-ноябрда жамгыр, кар жаайт

Коом Загрузка... 04 Ноябрь 2025 18:30
1069632248_0_262_3163_2041_1280x0_80_0_0_bf7066734a802dbc4ff62ea90f1ae92a.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ага ылайык, эртең өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1 ... +4, Талас жергесинде -2... +3, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +1... +6, Ысык-Көлдө 0 ... +5, Нарында -1... +4 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаап, абанын табы -1...градус болот.