“Жылдыздар учат”: 13-aвгустта асманда Персеиддердин агымы көрүнөт

Дүйнө 33 10 Август 2026 09:35
WhatsApp Image 2026-08-10 at 08.44.59.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Персеид метеорлору 13-август түнү эң жогорку активдүүлүгү учурунда ак түстө болот деп Казинформ ТАСС агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Персеиддер түнкү асманда тездик менен пайда болгон жаркыраган ак метеорлор менен айырмаланат. Бул метеорлордун жаркыроосу бир нече секундага созулушу мүмкүн.

Агымдын бөлүкчөлөрү секундасына болжол менен 60 километр ылдамдыкта жүрөт. Персеиддер Жер 109P/Swift-Tuttle кометасы калтырган чаң бөлүкчөлөрүнүн изи аркылуу өткөндө пайда болот.

Комета Күндү болжол менен 134 жылда бир айланып чыгат. Анын Жерге кийинки жакындашы 2126-жылдын 12-июлунда болот.

Ар бир август айында Жер комета калтырган космостук чаң жана муз булуту аркылуу өтөт. Болжол менен кумдай майда бөлүкчөлөр атмосферада күйүп, жаркыраган издерди калтырат.

Метеордук агым августтун түндөрүндө эң жогорку чегине жетет, андан кийин анын активдүүлүгү акырындык менен төмөндөйт.