"Жылдын мыкты мугалимине" 1 млн сом. Ысык-Көлдө педагогдор сыйланды

Аймак Загрузка... 09 Октябрь 2025 14:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Мугалимдердин кесиптик майрамына карата президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов билим берүү тармагындагы мыкты педагогдорго акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Өкүлчүлүктөн “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, иш-чара мугалимдердин коомдогу ордун даңазалоо, алардын талыкпаган эмгегине баа берүү жана кесиптик мотивацияны күчөтүү максатын көздөйт.

Сыйлыктардын өлчөмү:

Баш байге - 1 млн сом;

  • 1-орун: 3 мугалим, ар бирине 300 000 сом
  • 2-орун: 3 мугалим, ар бирине 200 000 сом
  • 3-орун: 1 мугалим, 100 000 сом.

1 млн сомдук акчалай сыйлык Түп районундагы Качкын Үмүталиев атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асановага ыйгарылды.

1-орун ээлегендер:

- Чынасылова Айнура - Ысык-Көл районундагы А.С. Пушкин атындагы мектептин көркөм сүрөт мугалими;

- Кыдыров Асылбек - Түп районундагы Жакшылык Асаналиев атындагы мектептин дене тарбия мугалими;

- Урпалыев Кубанычбек - Тоң районундагы Муканбет Мамбетов атындагы мектептин музыка мугалими.

2-орун:

- Талантова Айкерим, Түп районундагы Мукай Элебаев атындагы мектептин мугалими;

- Үмөтбекова Гулжан, Каракол шаарындагы №16 бала бакчанын тарбиячысы.

3-орунду Ак-Суу районундагы Осмон Элебесов атындагы мектептин мугалими Самат Бектенов ээледи.

Мындан тышкары, дагы 9 мугалимге “Эмгек каарманы” наамы тапшырылып, алардын көп жылдык эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы белгиленди.

Облус жетекчиси Бакытбек Жетигенов ар бир мугалимге ыраазычылык билдирип, алар билимдүү муун-күчтүү мамлекеттин пайдубалы экенин, мугалимдердин эмгеги - өлкөнүн келечегине чоң салым болорун белгиледи.