Январь-июнда өлкөнүн ИДПсы 711 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 15 Июль 2025 11:35
DSC05051.JPG
copyright icon Улуттук статистика комитети

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-июнунда ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 711,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7 пайызга көп.

"Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын – 1,7 эсеге, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн – 44 пайызга, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн – 33,2 пайызга, жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын – 31,4 пайызга, химиялык продукциялардын – 24,5 пайызга, тазаланган мунайзат продуктуларынын – 17 пайызга, ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн – 10,8 пайызга көбөйүшү менен камсыздалды", - деди ал.

Ал белгилегендей, оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 42,5 пайызды, дүң жана чекене соода – 12,1 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 3,8 пайызды түздү.