Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2025-жылдын I жарымында 53 млн сом чогултту.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- эмгек акыга - 26 млн 380,9 миң сом;
- социалдык фондго - 4 млн 550,7 миң сом;
- киреше салыгына - 2 млн 638,1 миң сом жумшалды.
Белгилей кетсек, Ветеринардык кызматтын 2025-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 200 млн 983,5миң сомду түзөт. Бул каражаттын 53 млн 617,5 миң сому I кварталда аткарылды.