Жыл башынан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн Ветеринардык кызматка 42 млн сом түштү

Коом Загрузка... 11 Март 2025 11:41
News_136601410607343251197027741369623602091.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Ветеринардык кызматтын атайын эсебине жыл башынан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 42 млн 587,3 миң сом акча каражаты түштү. 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: 

  • эмгек акыга - 22 млн 183,7 миң сом; 
  • социалдык фондго - 3 млн 826,7 миң сом; 
  • киреше салыгына - 2 млн 218,4 миң сом жумшалды. 

Белгилей кетсек, Ветеринардык кызматтын 2025-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 200 млн 983,5 миң сом. Бул каражаттын 42 млн 587,3 миң сому эки айда аткарылды.