Жылдын биринчи жарымында өлкөдө 5,6 миң тонна балык өндүрүлдү

Экономика 17 июль 2025 13:10
unnamed.730x0.jpg
балык.jpg
da02300c-c3a0-4084-9b27-76fc8c292edd.jpg
b91e8542-0c46-4203-9451-76b6275accba.jpg
152A0902.JPG
98bd3e7b-472e-4f3b-8906-2d6fb0cde6f1.jpg
6b2fd7d0-f6c8-4a02-a56e-81124b2658ad.jpg
2f901eb5-660a-4353-95de-19aacf967b2e.jpg
2c3e3d50-6af1-40d0-8389-7d63bda30174.jpg
1a8556c7-2b1a-44ec-ad1c-5e99bb5970cf.jpg
Алдыга
Артка
unnamed.730x0.jpg
балык.jpg
da02300c-c3a0-4084-9b27-76fc8c292edd.jpg
b91e8542-0c46-4203-9451-76b6275accba.jpg
152A0902.JPG
98bd3e7b-472e-4f3b-8906-2d6fb0cde6f1.jpg
6b2fd7d0-f6c8-4a02-a56e-81124b2658ad.jpg
2f901eb5-660a-4353-95de-19aacf967b2e.jpg
2c3e3d50-6af1-40d0-8389-7d63bda30174.jpg
1a8556c7-2b1a-44ec-ad1c-5e99bb5970cf.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 5 миң 645 тонна товардык балык өндүрүлдү. Бул тууралуу күн мурун Балык өнөр жай комплекси департаментинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук жыйынында айтылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул аралыкта 188,5 тонна балык жана балык азыктары экспорттолгон.

Ошондой эле жыйында балык корун жасалма жол менен көбөйтүү боюнча прогноздук план кабыл алынып, 18 балык чарбалык-биологиялык негиздеме, 23 суу объектинин паспорту жана 10 корутунду иштелип чыккан жана 5 илимий-изилдөө жана балыктандыруу иштерине уруксат берилгендиги айтылды.

Мындан сырткары, эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленди. Алсак, Кореянын Деңиз институтунун колдоосу менен Балык чарбасын өнүктүрүү боюнча Улуттук борбор түзүлүүдө, ФАО тарабынан форель багуу секторун колдоо долбоору ишке ашырылууда жана ТИКАнын көмөгү менен Өзгөн районунда инкубациялык цех курулуп, жылына 15 млн чабак өстүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында электрондук балык уулоо билети аркылуу 2 млн 248 миң сом түшкөн.

Министр Бакыт Төрөбаев товардык балык өндүрүүнү жана экспортту көбөйтүү, "Кыргыз форели" брендин өнүктүрүү жана пайдаланууга жарактуу суу объектилерин натыйжалуу башкаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.