Жылдын аягында Бишкекте дүйнөлүк Дельфи оюндары өтөт

Спорт Загрузка... 10 Октябрь 2025 16:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек,10.10.25./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, вице-мэр Виктория Мозгачева Эл аралык Дельфи комитетинин директору Владимир Понявин менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар 2025-жылдагы Дельфи оюндарынын уюштурулушу жана өткөрүлүшү боюнча пландарды, анын ичинде 2030-жылга чейинки пландарды талкуулашты.

Белгилей кетсек, Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфи оюндарын 2025-жылдын март-апрель айларында өткөрүү пландалууда.

Дельфи оюндары-бул искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча таланттуу балдарды бириктирген уникалдуу эл аралык аянтча. Мындай оюндарды өткөрүү маданий диалогду өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого жардам берет.

Бишкек шаарынын мэриясы өсүп келе жаткан муундун чыгармачыл өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен маданий долбоорлорду колдоо боюнча активдүү иштерди улантууда.