Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өлкө боюнча 200 обекттин курулушун бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу министр Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 объект ишке берилет. Өзгөчө көңүл Нарын облусуна бурулууда, мында масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор жүзөгө ашууда.

"Облус боюнча 92 объекттин курулушу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө анын 35инде курулуш иштери жүрүп, дагы 29 объект капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашырууга 920 млн сом бөлүндү", - деди министр.
Нурдан Орунтаев белгилегендей, 2025-жылдын аягына чейин Нарын облусунда 35 объекттин курулушун бүткөрүп, капиталдык оңдоо иштерин толугу менен жыйынтыктоо пландалып жатат. Муну менен бериле турган объекттердин жалпы саны 50гө жетет.

Курулуп жаткан объекттер:
- 11 мектеп
- 12 бала бакча
- 3 саламаттык сактоо мекемеси
- 1 маданият үйү
- 1 спорт комплекс
- 4 административдик имарат
Капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө:
- 24 мектеп
- 3 бала бакча
- 1 маданият үйү
- 1 спорт комплекс
Курулуш иштери пландалууда (ДСД иштелип чыгууда):
- 7 мектеп
- 11 бала бакча
- 2 саламаттык сактоо объекттиси
- 3 маданият үйү
- 6 спорттук объекттиси.
Министр кошумчалагандай, аймактарда айрыкча алыскы райондордогу инфраструктураларды өнүктүрүүгө мамлекет артыкчылык берет жана жашоочуларга ыңгайлуу социалдык чөйрөнү түзүүгө басым жасалат.