Жыл сайын сел алган Ак-Татыр айылына 400 млн сомго тосмо курулат

Аймак Загрузка... 04 Июнь 2026 18:45
668848282_977873168082453_6183592601235629475_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Жыл сайын сел алган Баткен районунун Ак-Татыр айылына 400 млн сомго селден коргоочу тосмо курулат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов айыл тургундары менен жолугушууда айтты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда тургундар негизинен жыл сайын кайталанган сел кырсыгынан коргонуу маселесин көтөрүштү.

Облус башчысы Ак-Татыр айылын селден коргоо үчүн республикалык бюджеттен 400 млн сом каралганын, учурда курулуш иштери боюнча тендер жүрүп жатканын билдирди. Долбоор ишке ашса, айылда капиталдык коргоочу тосмолор салынат.

Мындан сырткары, чек арага жакын жайгашкан айылдын жашоочулары чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, жаңы оорукананын курулушун бүткөрүү жана таза суу маселеси, жер мунапысы, тротуарлар жана спорт аянтчаларын куруу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Жолугушууда көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилип, социалдык көйгөйлөр облус башчысынын жеке көзөмөлүнө алынды.