Жыл башынан тарта өлкөдө 1,3 миңден ашуун жол кырсыгы катталды

Коом Загрузка... 25 Март 2025 10:24
WhatsApp Image 2025-03-25 at 10.22.14.jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Жыл башынан тарта өлкөдө 1,3 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Бул туралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, анын кесепетинен 2 миң адам ар кандай жаракат алып, 110 адам каза болгон.

“Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы катталган жол унаа кырсыктарынын өсүү темпи байкалууда. Бирок, быйыл мурдагыга салыштырмалуу бир эле унаа кырсыгынан 5-6 адам каза болуп, 10-11 адам ар кандай жаракат алган жол кырсыгы азаюуда”,-деди ал.

Ал белгилегендей, катталып жаткан, жол кырсыгынын дээрлик 91%ы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда.

“Өкмөт жолдорду оңдоп, жарыктандырып канчалык шарттарды түзүп бергенине карабастан, катуу ылдамдыкта айдап жол унаа кырсыгына себепкер болгон көп учурлар кездешүүдө”,-деди ал.