Автобус кырсыктары: Статистика, айдоочулардын айлыгы жана чаралар

Коом
Автобус кырсыктары: Статистика, айдоочулардын айлыгы жана чаралар
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев
Кабар редакциясы

Бишкекте муниципалдык автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары көбөйдү. Акыркы кырсыктар кечээ кечинде жана бүгүн, 28-октябрда эртең менен катталды. Бул окуялар жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугу, айдоочуларды даярдоо жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо үчүн жоопкерчилик маселелерин кайрадан күн тартибине чыгарды. Кечээ кечинде да муниципалдык автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул окуялар борбор калаадагы коомдук транспорттун коопсуздугуна кайрадан коомчулуктун көңүлүн бурду. Мындай ар бир кырсык унаалардын жабыркашы жана жол тыгындары менен гана чектелбестен, жүргүнчүлөрдүн, жөө жүргүнчүлөрдүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу "Кабар" агенттиги муниципалдык транспорттун катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себептерин, айдоочулардын ишин жана унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөө канчалык натыйжалуу уюштурулганын, ошондой эле Бишкектин жолдорунда коопсуздукту жогорулатуу үчүн кандай чаралар зарыл экенин тактоону чечти.

Коомдук транспорт катышкан кезектеги кырсыктар

Бүгүн, 28-октябрда эртең менен Бишкектеги Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде электробус эки жеңил унаа менен кагышып, жолдун четине чыгып кеткен. Кырсыктан жабыркагандар катталып, окуя болгон жерге эки тез жардам бригадасы келген.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан биздин редакцияга билдиришкендей, 2026-жылдын башынан бери борбор калаада коомдук жүргүнчү ташуучу транспорттун катышуусунда 60 жол кырсыгы катталган.

"Бул кырсыктардын кесепетинен 6 адам каза болуп, дагы 66 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган", — деп билдиришти башкармалыктын басма сөз кызматынан.

Ошол эле учурда жол кырсыктарынын себептери ар кандай болушу мүмкүн. Айрым учурларда жоопкерчилик автобустун айдоочуларына жүктөлсө, башка учурларда жеңил унаалардын айдоочулары же жол кыймылынын башка катышуучулары күнөөлүү болушу мүмкүн. Бирок автобустар көлөмдүү жана жүргүнчүлөрү көп болгондуктан, аларды башкарган айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жана өзгөчө этияттык талап кылат.

Буга чейин “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын №2 автобус паркынан директору Артур Өмүрзаков автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол кыймылынын башка катышуучуларынын күнөөсүнөн улам болорун белгилеген.

“Биз талдоо жүргүзгөнбүз: автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын болжол менен 70 пайызына жол кыймылынын башка катышуучулары, негизинен жеңил унаалардын айдоочулары күнөөлүү”, — деп тактаган ал.

Ошол эле учурда кырдаалга объективдүү баа берүү үчүн ар бир кырсыктын жагдайларын жана расмий иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу маанилүү.

Муниципалдык ишканадагы дагы бир маселе — кадрлардын жетишсиздиги жана айдоочуларды көлөмдүү транспортторду башкарууга даярдоо зарылдыгы.

Өмүрзаковдун айтымында, мурда маршруттук таксилерди айдаган айдоочуларга көлөмдүү автобустарды башкаруу көп учурда кыйыныраак болот. Ал эми жүк ташуучу унаалардын айдоочулары негизи көлөмдүү транспорттун өлчөмдөрүн жолдо жакшыраак сезип башкарышат. Ошондуктан жумушка кабыл алууда аларга артыкчылык берилет.

“Бирок маршруттук таксилердин айдоочуларын да жумушка албай коё албайбыз. Эгер жаранда айдоочулук D категориясы болсо, биз аны жумушка кабыл алууга милдеттүүбүз. Анткени, бизге кызматкерлер жетишсиз. Андай айдоочуларды да алабыз, бирок практикалык машыгуунун сааттарын көбөйтөбүз”, — деп түшүндүрдү ишкананын жетекчиси.

Анын айтымында, автобус айдоочуларынын орточо айлык акысы 70-80 миң сомду түзөт. Эмгек акы системасында сый акы жана сааттык төлөм каралган. Жалпы суммасы иштеген сааттарынын санына жараша болот. Ошол эле учурда Өмүрзаков бир айда айдоочулардын бири 210 миң сом айлык акы алган учур болгонун билдирди.

Ошол эле учурда айдоочулук күбөлүктүн жана тиешелүү категориянын болушу эле транспорт каражатын коопсуз башкарууга кепилдик бербейт. Айдоочунун жетиштүү практикалык тажрыйбасы, автобустун өзгөчөлүктөрүн билиши, эмгек жана эс алуу режимин сакташы, ошондой эле анын ишинин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүшү зарыл.

Жол кырсыгынан кийин кандай чаралар көрүлөт?

Артур Өмүрзаковдун айтымында, жол кырсыгына кабылган жана жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочу сый акысынан толук ажырашы мүмкүн. Окуяларды кароо үчүн эки комиссия иштейт. Тартип комиссиясы кызматкердин жүрүм-турумуна жана мыйзам бузуу багытына баа берсе, техникалык комиссия автобустун жабыркашын жана аны калыбына келтирүү маселелерин карайт.

Эгерде материалдык зыян келтирилсе, ишкана бузулган жерлерге баа берип, кемчиликтер жөнүндө акт түзөт. Өмүрзаковдун пикиринде, ишканада каралган учурларда автобусту калыбына келтирүү чыгымдары айдоочуга жүктөлөт.

Бишкек мэриясы буга чейин 2025-жылы ар кандай себептерден улам автобус парктарынан 144 айдоочу жумуштан бошотулганын билдирди. Алардын арасында олуттуу эреже бузууларга жол бергендер да болгон. Тактап айтканда, жол чырактын тыюу салган белгисине карабай өткөн мыйзам бузуулар үчүн окуянын жагдайлары каралып, тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин кызматкер жумуштан бошотулушу мүмкүн.

Көз жаздымда калтырууга болбой турган трагедиялуу учурлар

Муниципалдык транспорттун коопсуздук маселеси 2026-жылдын июль айында Бишкекте болгон кайгылуу жол кырсыгынан кийин өзгөчө курч талкуу жаратты.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, автобустун айдоочусу мас абалында унаа башкарганы үчүн соттун чечими менен мурда айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Бирок, ага карабастан кайрадан коомдук транспорт башкаруу учурунда өспүрүм жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал бала кийин ооруканада каза болгон. Кырсык мурдагы Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде катталган. 1977-жылы туулган ZHONG TONG үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу оңго бурулуп жатып, жолдон өтүп бара жаткан 2016-жылы туулган баланы сүзгөн.

Бул кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Бул чечимдер мындай кырсыктардын кесепети жол кырсыгына түздөн-түз катышкан адамдарга гана эмес, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга жооптуу кызмат адамдарына да тиешелүү болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.

Жолдогу коопсуздук — жалпы жоопкерчилик

Бишкекте күн сайын миңдеген адамдар жумушка, окууга же үйүнө жетүү үчүн муниципалдык автобустарды жана электробустарды колдонушат. Көпчүлүк үчүн коомдук транспорт шаар ичинде жүрүүнүн негизги каражаты бойдон калууда. Ошондуктан жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу шаардык транспорт системасынын негизги артыкчылыктарынын бири болууга тийиш.

Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жагдай — күн сайын жүздөгөн балдар менен мектеп окуучулары окуу жайларына жетүү жана сабактан кийин үйлөрүнө кайтуу үчүн автобустарга өз алдынча түшүшөт. Алардын өмүрү, ден соолугу жана мектепке чейинки жолунун коопсуздугу рулда отурган ар бир айдоочунун жоопкерчилигине түздөн-түз байланыштуу.

Коомдук транспорттун айдоочулары жаш жүргүнчүлөрдү ташууда өздөрүнө жүктөлгөн чоң жоопкерчиликти терең түшүнүшү керек. Ал эми жеңил унаалардын айдоочулары аялдамаларга жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерге жакындаганда өзгөчө этият унаа башкаруусу зарыл.

Ошол эле учурда жол кырсыктарынын себептерин автобус айдоочуларынын жүрүм-туруму менен гана байланыштырууга болбойт. Ылдамдыкты ашыруу, жолдо кооптуу кыймыл аракеттерди жасоо, озуп айдоо жана унааны токтотуу эрежелерин бузуу, рулда отуруп телефон колдонуу, жөө жүргүнчүлөргө жол бербөө сыяктуу аракеттер жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн кооптуу. Жеңил унаалардын айдоочулары да коомдук транспорттун көлөмүн эске алып, автобустун жолун кесип өтпөөгө, коопсуз аралыкты сактоого жана жолдо катар алмаштырууда ага тоскоолдук жаратпоого тийиш.

Айдоо маданияты ар бир адамдын жеке жоопкерчилигинен башталат. Бирок коомдук транспорттун коопсуздугу жүргүнчүлөрдү ташуу түзүмү канчалык натыйжалуу уюштурулганына да байланыштуу. Автобустар ондогон адамды ташыйт, алардын арасында өзгөчө коргоого муктаж балдар да бар. Ошондуктан рулдагы ар бир кетирилген ката оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Демек, негизги маселе кезектеги жол кырсыгына ким күнөөлүү экенин аныктоо менен гана чектелбейт. Эң башкысы — мындай кайгылуу окуялардын алдын алуу үчүн кандай комплекстүү чараларды көрүү керектигин аныктап, аларды ишке ашыруу.