Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бишкекте Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде электробустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Окуяга "Кабар" агенттигинин журналисти күбө болгон.
Электробус эки унаа менен кагышып, жол жээгиндеги мамыны сүзүп токтогон. Мындан улам ошол аймакта унаа тыгыны пайда болгон.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар бар. Окуя болгон жерге дарыгерлердин эки бригадасы барган.
Белгилей кетсек, кечээ, 27-октябрда саат 20:40 чамасында Бишкекте №195 автобус Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Weltmeister үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, тротуарга чыгып кеткен. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.