Бишкек, 19.10.26./Кабар/. 21-октябрдан тартып Бишкек шаарында №31 жаңы автобус каттамы иштей баштайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы каттамда күн сайын 7-8 автобус Ак-Жар конушунан Ибраимов көчөсүнө чейин жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздайт.
"Каттамдын ишке кириши шаар тургундары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, каттамдарды ыңгайлуу кылат жана шаар ичинде коомдук транспорт менен жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет", - деп айтылат маалыматта.