Жыл башынан бери Жерүй кенинен 3,9 тонна алтын казып алынды

Экономика Загрузка... 20 Октябрь 2025 18:38
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Жерүй кенинде 3,9 тонна алтын казылып алынды, деп билдирди "Кабар" агенттигине "Алтын Альянс" ЖЧКсынын өнөр жай коопсуздугу, эмгекти коргоо жана экология боюнча башкы директордун орун басары Уланбек Рыскулов.

Ал "Тоо-кен тармагындагы диалог: инвестициялар, ачыктык, өнүгүү" форумунун жүрүшүндө компания Жерүй кенинде жылына 1,3 млн тоннага чейин руданы кайра иштетерин айтты.

Анын маалыматы боюнча, 2021-жылдан бери компания 21 тонна алтын казган.

"2025-жылдын башынан бери бюджетке 10 млрд 480 млн сом салык төлөндү, ал эми 2025-жылдын сентябрь айында – 1 млрд 51 млн сом төлөнгөн. Алтын сатуудан түшкөн кирешеден алынган салыктар 8 млрд 373 млн сомду түздү", - деди ал.