Жыл башынан бери Жалал-Абадда 25,3 миң турак жай камсыздандырылган

Аймак Загрузка... 03 Июль 2025 09:34
_127740023_mediaitem127740022.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 25 миң 363 турак жай камсыздандырылган. Бул тууралуу күн мурун өрттөн жабыркаган Ноокен районунун эки тургунуна камсыздандыруу төгүмдөрүн тапшыруу учурунда маалымдалды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 миң 21 турак жайга көп.

Белгилей кетсек, Камсыздандыруу уюму 2024-жылы жабыркаган үй-бүлөлөргө жалпы 7 млн сомдон ашуун акча каражатын төлөп берген.