Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 215 жол кырсыгы катталды

Аймак 1 июль 2025 09:40
616426ab53f50310805667.jpg
514072086_1831819067685349_2248705829260302794_n.jpg
514568036_1831790944354828_552790989575070659_n.jpg
514667472_1831818994352023_5470791461480300621_n.jpg
514777856_1831819047685351_8248029911801520226_n.jpg
514027577_1831819097685346_8085369678890005986_n.jpg
514318990_1831819111018678_7342466655535797628_n.jpg
514408938_1831819137685342_2330927214071434708_n.jpg
514411381_1831819004352022_7492876210727529672_n.jpg
514463290_1831819164352006_1177693781813191813_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек 01.07.25 /Кабар/. Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 215 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу президенттин өкүлү Тилек Текебаев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөргөн жыйында белгилүү болду.

Анда облус башчысы тийиштүү мекеме-ишканаларга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Белгиленгендей, Жалал-Абад облусу боюнча 2025-жылдын 5 ай аралыгында 215 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу үч учурга аз. Ал эми кырсыктардан 43 адам каза тапкан.

Облус башчысы жолдо жаралган ар бир кырдаалга убагында реакция кылуу, жарандардын өмүрүн сактоонун маанилүүлүгүн айтып, мында айдоочулар тарабынан эрежелердин так сакталбаганы көйгөй жаратып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Текебаев жол белгилеринин жетишсиздиги, алардын өз убагында орнотулушу жана жаңыланышы боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Өзгөчө жол кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү катталган Ош – Бишкек унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенине токтолду. Буга байланыштуу өкүл алыс аралыкта жүргөн айдоочулар үчүн атайын токтоп, эс алууга ыңгайлуу жайларды уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагындагы унаа жолдордун жалпы узундугу 6 870 чакырымды түзөт. Анын ичинен 626 чакырым Эл аралык, мамлекеттик маанидеги 1056, жергиликтүү маанидеги 1217 чакырым аралыктагы жолдор бар.