Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 9900 метр тор чыгарылды

Экология 2 апрель 2026 16:00
Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 9900 метр тор чыгарылды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 9900 метр тор жана 160 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда көлдү тазалоо иши Суучулдар кызматы тарабынан активдүү жүргүзүлүүдө.

Адистер Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдарда көл аянтын тор жана таштандылардан арылтууда.