Жыл башынан бери Улуттук банк төрт жолу интервенция жасады – Азат Козубеков

Экономика Загрузка... 18 Сентябрь 2025 11:53
WhatsApp Image 2025-09-18 at 10.43.20.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Улуттук банк төрт жолу интервенция жасады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, акыркы жолу 15-сентябрда 81,5 млн АКШ доллары сатыкка чыгарылды.

“Ушул жылдагы интервенциялардын жалпы көлөмү 300-400 млн АКШ долларын түздү”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук банк ички валюта рыногунда да, тышкы финансы рынокторунда да кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды жүргүзөт.