Жыл башынан бери Токтогул суу сактагычынан 40 миң метр тор чыгарылды

Экология Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-08-07 at 06.04.09.jpeg
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Токтогул суу сактагычында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө суу сактагычтан жалпы узундугу 300 метрди түзгөн мыйзамсыз балык уулоочу эски синтетикалык торлор чыгарылды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери аталган кызмат тарабынан Токтогул суу сактагычында жалпы 52 рейд өткөрүлүп, 40 миң 800 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылды.