Бишкек, 14.05.25 /Кабар/. Январь-апрель айларында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2 584 кайрылуу келип түшкөн.
Фонддон билдиришкендей, анын ичинде:
- жазуу түрүндө кайрылуулар – 140;
- ооз эки кайрылуулар – 354;
- Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 44 жаран;
- ишеним телефондор аркылуу – 1341;
- уюлдук ишеним телефону аркылуу – 705.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулары төмөнкү багыттар боюнча келип түшөт:
- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
- пенсияларды индексациялоо тууралуу;
пенсияга укугу боюнча; - пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
- пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча;
- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
- фонддун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келген бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.