Майлуу-Суудагы мектептин жери: Президент коррупция кайнап турган учурду эске салды

Президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Коррупция кайнап турган кезде мектеп, оорукана, бала бакчалардын жерлери жеке менчикке бериле берген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда Майлуу-Суу шаарынын тургуну ата-энеси 2012-жылы мектептин аймагынан жер тилкесин сатып алып, үй-бүлөлүк бизнес ачышканын айтты. Бирок колунда бардык документтери болсо да, 2015-жылы прокуратура органдары тарабынан иш сотко өтүп, ал кезде жеке тараптын пайдасына чечилген.

Президентке кайрылган тургун учурда бул иш кайрадан сотто каралып жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы прокуратура органдарына аталган маселени кароону тапшырды.

"Коррупция кайнап турган кезде ушинтип мектеп, бала бакча, ооруканалардын жерлери бериле берген. Прокуратура көзөмөлгө алып, бул ишти карап көргүлө. Кандай мүмкүнчүлүктөр бар, ошого жараша карагыла", — деди президент.