Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына 2026-жылдын тогуз айында салык органдарынын кызматкерлерине карата 261 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрылуулардын 136сы жарандар менен салык төлөөчүлөрдүн арыз-даттануулары, 44ү укук коргоо органдарынын сунуштамалары, 81и Салык кызматынын башкармалыктарынан келген кайрылуулар.
Ведомство коррупцияга каршы күрөшүү жана салык органдарынын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу багытындагы иштер уланып жатканын белгиледи.