Жыл башынан бери Соцфонддун сall-борборуна 4 603 кайрылуу түштү

Коом Загрузка... 07 Март 2025 11:03
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Социалдык фонддун сall-борборуна 4 603 кайрылуу түштү.

Белгиленгендей, 1 202 номуру аркылуу жарандарга кесипкөй кеңеш берилет.

Февраль айындагы кайрылуулар:

  • 1006 телефон чалуулар;
  • 1534 онлайн-офлайн чат аркылуу кайрылуу.

Көбүнчө берилген суроолор:

  • топтомо пенсия – топтолгон каражаттар жана аларды алуу тартиби;
  • пенсия чектөө;
  • жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу;
  • камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери;
  • башка пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу маселелери.

Учурда жарандардын топтомо пенсия боюнча суроолору көбөйүүдө.

Соцфонд суроолор болсо 1202 номерине кайрылууга болорун эскертет.