Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда алдын ала эсептөөлөр боюнча 826 миң 500 пенсионер бар. Алардын бардыгынын пенсиялары кайрадан эсептелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, кайра эсептөө Социалдык фонддон пенсия алган бардык жарандарды камтыйт. Алардын баарынын жаңыланган пенсиялары кайрадан эсептелинди.