Жыл башынан бери Ош облусунда миңге жакын жумуш орду түзүлдү

Аймак 18 Сентябрь 2025 12:21
WhatsApp_Image_2025_OYj1vwa.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
548524448_122185131626368081_399401333511492056_n.jpg
548162805_122185132160368081_8646753796305318016_n.jpg
548282843_122185131860368081_6307356588909371969_n.jpg
548386950_122185131668368081_6304248042785671999_n.jpg
548697673_122185131848368081_4949003807351471566_n.jpg
548729444_122185132094368081_5272778551637767978_n.jpg
549231827_122185131620368081_7583800510271770885_n.jpg
550111622_122185132262368081_621197904650711666_n.jpg
550896171_122185132082368081_2254426077819790809_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. 8 ай ичинде Ош облусунда 62 чакан жана орто ишкана ачылып, анын эсебинен 973 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаевдин ишкерлер менен жолугушуусунда айтылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда 2025-жылдын январь-август айларында облуста жалпы көлөмү 13 млрд 170 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103,4 пайызды түзгөндүгү белгиленди.

Жолугушуу ишкерлер күнүнө карата уюштурулуп, чай үстүндө эркин форматта өттү. Иш-чаранын негизги максаты — ишкерлер менен ачык жана түз диалог түзүү, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болду.