Жыл башынан бери өлкөдө 7 машина-трактордук станция уюштурулду

Коом Загрузка... 25 Июль 2025 15:40
3073086.464297c51bd.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Жыл башынан бери өлкөдө 7 машина-трактордук станция (МТС) уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук жыйынында белгилүү болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 6 ай аралыгында мамлекеттин колдоосу менен дыйкандарга 3,6 млрд сомго 1023 техника берилип, 68 айыл чарба кооперативи түзүлгөн.

Жыйында белгилүү болгондой, республикада 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар.