Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Бишкекте Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу системасы жаңыланууда.
Мэриядан билдиришкендей, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы көчөнүн чыгыш тарабындагы монтаждоо иштерин аяктады.
Учурда батыш тарабына жарык берүүчү мамыларды орнотуу жана заманбап чырактарды монтаждоо иштери жүрүп жатат.