Жыл башынан бери өлкөдө 36 миң 267 жаранга пенсия чектелди

Коом Загрузка... 07 Август 2025 14:50
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. 2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда 36 миң 267 жаранга пенсия чектелди.

Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинен июль айында 3705 жаран пенсияга чыккан.

Мындан тышкары, 1 307 пенсионердин пенсиясы эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде кайра эсептелди.