Жыл башынан бери өлкөдө 3500дөн ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учуру катталды

Укук тартиби Загрузка... 24 Апрель 2025 08:55
fbc16e96-ffc2-4e4a-a36a-a5aa2908f201.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Жыл башынан бери өлкөдө жалпы 3 миң 577 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учуру катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 289 учурга көп. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 3 миң 288 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учуру катталган.

“Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин саны өсүүдө. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен 1 миң 217 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Натыйжада 393 адам коомдук ишке тартылып, 610 адам камакка алынды”,-деди ал.