Жыл башынан бери Кыргызстанга $386,8 млн түз инвестиция тартылды

Экономика 40 11 Август 2026 11:55
img-53184-11462.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга 386,8 млн доллар өлчөмүндө түз чет өлкөлүк инвестиция тартылып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 34,2 пайызга өскөн.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, түз чет өлкөлүк инвестициялардын олуттуу көлөмү Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына туура келет.

"Бул аймактарда өндүрүштү, инфраструктураны, сооданы, маалыматтык технологияларды, финансылык жана башка кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.