Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 1,2 трлн сомдон ашты

Экономика Загрузка... 15 Октябрь 2025 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын 9 айында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 трлн 240,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10 пайызга өскөн.

WhatsApp_Image_2025-10-15_at_10.20.16.width-800.jpg

Ал кошумчалагандай, 2024-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалды:

  • фармацевтика продукциясын өндүрүүнүн 2,3 эсеге жогорулашы;
  • тамак-аш азыктарын жана тамеки каражаттарын өндүрүүнүн 40,1 пайызга өсүшү;
  • резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн 31,8 пайызга жогорулашы;
  • жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык иштин продукциясын өндүрүүнүн 28,7 пайызга өсүшүнүн;
  • химиялык продукцияны өндүрүү 17,7 пайызга жогорулашынын;
  • текстиль өндүрүшүндө, кийим өндүрүүнүн 8,5 пайызга өсүшүнүн.
  • пайдалуу кендерди казып алуунун 16,3 пайызга жогорулашынын.