Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) соода аянтчасында жалпы көлөмү 163,9 млрд сомдук 1 711 бүтүм катталды. Бул тууралуу КФБнын вице-президенти Мыктыбек Абиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүчтүн былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу кыйла өскөнү байкалды.
“Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 70 млрд сомго көп. Анткени былтыркы жылы бүтүмдөрдүн саны 1200дү түзүп, көлөмү 93 млрд сом болгон”, - деди ал.
Ошондой эле Мыктыбек Абиров белгилегендей, 2025-жылы тараптардын соодасынын өсүшү катталды. Учурда 154 млрд корпоративдик баалуу кагаздар болсо, ал эми былтыркы жылдын жыйынтыгы менен анын жалпы көлөмү 109 млрд сомдон ашкан.
“2025-жылдын 17 жана 19-сентябрында 24 млрд сом өлчөмүндө коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруу боюнча биринчи акча аукциондору өткөрүлүп, алар толугу менен Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасы аркылуу ийгиликтүү жайгаштырылды”, - деди Мыктыбек Абиров.
Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти кошумчалагандай, 2025-жылы фондулук биржа ири техникалык жаңыланууну баштады. Евразия өнүктүрүү банкынын грантынын негизинде заманбап сервердик жабдуулар сатып алынып, соода системасы ишке киргизилди.
“Бул система инвесторлорго компьютер жана мобилдик тиркемелер аркылуу онлайн соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын өнөр жайлык эксплуатациясы 2025-жылдын октябрынын экинчи жарымына белгиленген”, - дейт Абиров.