Жыл башынан бери ЖКККББнын ишеним номерине 42 миңге жакын кайрылуу түштү

Аймак Загрузка... 06 Октябрь 2025 17:25
WhatsApp Image 2025-10-06 at 16.28.35.jpeg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним номерине жыл башынан тартып 41 956 кайрылуу келип түшкөн.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде:

  • 23 722 (56,5%) – унааларды туура эмес жерге токтотуу;
  • 1 777 (4,2%) – каршы тилкеге чыгуу, ашып өтүү жана маневр эрежелерин бузуу;
  • 1 882 (4,5%) – кызыл жарыкка баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бербөө;
  • 13 797 (32%) – жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузуу фактылары бар.

Белгиленгендей, көпчүлүк кайрылуулар Бишкек шаары менен Чүй облусуна туура келет.

Башкармалык жарандардын кайрылууларын тез кабыл алып, ыкчам аракет көрүү максатында (0777) 102-102 WhatsApp ишеним номерин ишке киргизген. Бул номер аркылуу жарандар көчөдөгү жол эрежелеринин бузулушу тууралуу сүрөт жана видео далилдер менен кайрылуу жөнөтө алышат.

ЖКККББ бул ишеним номур аркылуу жарандар менен тыгыз байланыш түзүп, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда ыкчам жана натыйжалуу иштерди жүргүзүп жатканын белгилейт.