Бишкек, 30.10.26. /Бишкек/. “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы шаардагы жашыл бак-дарактарды санитардык бутоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда адистер дарактын негизги сөңгөгүнүн өсүшүнө тоскоолдук жараткан куураган бутактарды кыркышат. Ал эми кесилген бутактар кайра иштетилип, жер семирткич катары колдонулат.
Мындан тышкары, шаардагы куураган жана кулап кетүү коркунучу бар дарактарды аныктап, аларды алып салуу иштери туруктуу жүргүзүлүп келет. Мындай дарактар катуу шамал учурунда кулап, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, турак үйлөргө жана башка мүлккө зыян келтириши мүмкүн.
2023-жылы авариялык абалдагы дарактарга байланыштуу 70 учур катталган. 2024-жылы бул көрсөткүч 125ти, 2025-жылы 53тү түзгөн. Ал эми 2026-жылдын бүгүнкү күнүнө карата мындай 38 учур катталды. Мындай учурлардын санын мындан ары азайтуу максатында алдын алуу иштери улантылууда.
“Дарактардын жоон сөңгөктөрү жана кесилген жыгачтары таштанды полигондоруна ташталбастан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет”, — деп белгилешти мэриядан.
Кошумчалай кетсек, бак-дарактар жылына эки жолу — жазында жана күзүндө буталат.