Жыл башынан бери Алай районунда 14 социалдык объект курулуп бүттү

Аймак 14 апрель 2026 10:00
Жыл башынан бери Алай районунда 14 социалдык объект курулуп бүттү
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Алай районунда 14 социалдык объект курулду. Бул тууралуу Алай районунун акими Адыл Сапаров президент Садыр Жапаровго райондун өнүктүрүү пландары менен тааныштырганда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 20 объект бүткөрүлгөн.

“Алардын катарында мектептер, бала бакчалар жана фельдшердик-акушердик пункттар бар. Ошондой эле сегизден ашык айыл таза суу менен камсыз болгон”, - деди аким.