Жыл башынан бери айдоочуларга 17 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Коом Загрузка... 02 Август 2025 22:30
WhatsApp_Image_2025_IrBI0oi.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 02.08.25. /Кабар/. Жыл башынан бери айдоочуларга 17 млн 335 миң 499 сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ОСАГО боюнча жалпысынан 190 камсыздандыруу окуясы катталган.

Эң ири төлөм 300 миң сом болду. Бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине (ар бирине 150 000 сомдон) төлөндү.

Муну менен катар адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча камсыздандыруу окуясы да катталган. Жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 300 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнгөн.