Жыл башынан бери 600 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузган

Коом Загрузка... 11 Июль 2025 17:18
zhol-1.jpg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Жыл башынан бери өлкө аймагында 595 миң 610 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды.

Анын ичинде:

  • мас абалында унаа башкарган – 8 112 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган – 93 миң 365 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан – 3 649 айдоочу;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 21 162 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган – 541 айдоочу;
  • жол белгилерине баш ийбеген – 291 179 айдоочу;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 81 миң 479 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулганы айтылды.