Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Бишкекте коомдук дааратканаларды жайгаштыруу үчүн 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аукцион "2026-2030-жылдарга Бишкек шаарында коомдук санитардык объектилерди өнүктүрүү" муниципалдык программасынын алкагында уюштурулууда.
Демилге муниципалдык жер тилкелерин натыйжалуу пайдаланууга жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Аукционго чыгарылган жер тилкелери төмөнкү даректерде жайгашкан:
- И.Айдарбеков атындагы бульвар менен Чокморов көчөсүнүн кесилиши;
- Чокморов жана Шевченко көчөлөрүнүн кесилиши;
- Кочкор жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилиши ("Люкс" сквери);
- Муромская жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (№4 шаардык клиникалык оорукананын жанындагы сквер);
- Айни көчөсү, 209 (Осмонов көчөсү менен кесилишкен жердеги жаңы парк);
- Камчатская көчөсү №1 үйдүн маңдайы;
- Садырбаев көчөсүндөгү "Сакалдуу" багы;
- Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (мурдагы Островский көчөсү, 141);
- Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилиши (этносквер);
- "Кыргызстандын 40 жылдыгы" атындагы парктын аймагы (Фере жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилиши);
- "Кожзавод" районундагы парктын аймагы;
- Профсоюз жана П. Лумумба көчөлөрүнүн кесилиши;
- Турусбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Раззаков көчөсүндөгү "Эмгек даңкы" паркы;
- Абдрахманов жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши;
- Раззаков жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилиши.
Аукцион 2026-жылдын 5-ноябрынан 5-декабрына чейин өткөрүлөт.
Мэрия бардык кызыкдар ишкерлерди ачык аукционго катышууга чакырат.