Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукционду өткөрүүнүн пилоттук долбоору ишке киргизилди.
Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, долбоорду Кыргыз геология кызматы ишке ашырууда. Анын негизги максаты аукцион өткөрүү процессин ачык-айкын кылып, катышуучулар үчүн жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана кагаз иштерин азайтуу болуп саналат.
"Эми аукционго катышуучулар арыз берип, керектүү документтерди тапшырып жана соодалашууга бирдиктүү электрондук система аркылуу катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жеке жана юридикалык жактар аукциондун шарттары, сунушталган объекттер жана катышуу тартиби тууралуу маалыматты электрондук аукциондун порталынан ала алышат.
Электрондук аукциондор жер казынасын пайдалануу тармагын санариптештирүүгө жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга багытталган.